ГлавнаяИсполнителиНеизвестенБиз жолуктук, качан, билбейм, үмүтүм
название:

Биз жолуктук, качан, билбейм, үмүтүм


автор:

Неизвестен


рейтинг: ★★★★★ / 5.5 / 1454 просмотра
Биз жолуктук, качан, билбейм, үмүтүм,
Жүрөк отун ээлеп алдың сен бүтүн.
Бир гана эмес, тагдырга миң,
Тагдырга миң, таалайыма ыракмат.
Бизди кошкон,
Ошол айлуу, ошол жыргал,
Ошол бейпил түн үчүн.

Мен жашоодо канча жолу ыйладым,
Бакыт издеп, өзүмдү өзүм кыйнадым.
Жолукканда карай берип,
Карай берип, карай берип өзүңдү.
Кубанычтан көөдөнүмө,
Көөдөнүмө көлкүлдөдүм, сыйбадым.

Ошондогу сулуулугу, ай, дүйнөнүн,
Мен Жер шарын чарк айланып жүргөнмүн.
Билбесем да, бар экенин,
Бар экенин бул дүйнөдө ак сүйүү,
Мен өзүңө качандыр бир,
Бир убакта жолугарым билгенмин.

Билбесем да бар экенин,
Бар экенин бул дүйнөдө ак сүйүү.
Мен өзүңө качандыр бир,
Бир убакта жолугарым билгенмин,
Жолугарым билгенмин.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Биз жолуктук, качан, билбейм, үмүтүм" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен