ГлавнаяИсполнителиТаалай БектургановЭмне мынча сени суйом
название:

Эмне мынча сени суйом


автор:

Таалай Бектурганов


рейтинг: ★★★★★ / 5.4 / 1366 просмотров
Издей берем тааныш үйдөн, 
Издей берем көчөдөн.
Карааныңды мен жоготтумбу, 
Түшүмдө гүл төшөгөн.

Кайырма:
Эмне мынча сүйөм сени?
Эмне мынча сагынам?
Кучагыңда денем ысып,
Чачтарыңдан сылагам.

Оюм сенде билсең деги,
Ырым сенде сайраган.
Сендеби дейм мүрөк көлү,
Кышта суусу кайнаган.

Кайырма:

Кайдасың сен, таба аламбы?
Билесиңби сен тилекти?
Адаштырдың, бара аламбы?
Уйкум келбей түн өттү.

Кайырма:

Түшүмдөсүң, жүзүмдөсүң,
Багымдасың сен жайнаган.
Өзүмдөсүң, көзүмдөсүң,
Канымдасың сен чанбаган.

Кайырма:

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Эмне мынча сени суйом" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен