название:
автор:
Жалгызмын караңгы түндө
автор:
Неизвестен
рейтинг: ★★★★★ / 4.9 / 863 просмотра
- Текст
- Открытка с текстом
Жалгызмын караңгы түндө, Жүрөмүн батып күйүткө. Күндөрүм улана берет, Кол сунуп бактылуу күнгө. Жарык, кетпе, Үмүт, таштаба, суранам, Кайгырбайын. Билбеймин кантип байландым, Турмуштан неге чайналдым? Болду эми ал күндөр бүттү, Артыма мен кайрылбайын. Алыс кетпе, Жарык, таштаба, суранам. Сыздабайын. Жаңылдым, эми өкүнбөйм, Келет деп таңдарды күтпөйм. Алданып калган сезимге, Баш ийип кайра өкүнбөйм. Кайтып келбе, Козгобой эски жарамды. Ыйлабайын.
А как ты думаешь, о чем песня "Жалгызмын караңгы түндө" ?