название:
автор:
Карындашым
автор:
Ильяз Абдразаков
рейтинг: ★★★★★ / 4.6 / 614 просмотров
- Текст
- Открытка с текстом
Ээрчитип колдон жетелеп, Ойносоң гүл бакчада. Татынакайсың, эселек, Сезимдериң таптаза. Уялыңкы эркелеп, Талпынганың башкача. Кайырма: Менин карындашым, Сүйкүм ирмейт кашын. Дайым эркелетип, Сылап коём чачын анын. Үмүт чоң келечегиңден, Чоңоюп, бойго жетсең. Тилегиң берсин Кудайым, Керегисиң кыргыздын. Ата-энең көрсүн убайың, Жерде жанган жылдызым.
А как ты думаешь, о чем песня "Карындашым" ?