ГлавнаяИсполнителиНеизвестенБайланам шок кыздардын
название:

Байланам шок кыздардын


автор:

Неизвестен


рейтинг: ★★★★★ / 5.2 / 1156 просмотров
Байланам шок кыздардын,
Көздөн учкан сыйкыр нуру.
Мен балкыган жанга дары,
Алтын жибек, мончок шуру.
На, на, ней,
Ал жомоктогу перидей.
Сезилет жылмайганы,
Сезим өрттөп тамшандырат.
Көрсөң көзүң тойбос болуп,
Көксөп адам арман кылат.
На, на, ней,
Ал бийкечтер оттой болот,
Кол тийгизбес чоктой болуп жанат, эй.
Кайырма:
Байланам көздөрүнө анын,
Жалындаган жазым, жаным ай.
Жан дүйнөмдө жашайт жалындай,
Ай, ай, ай...

Байланам көздөрүнө анын,
Жымыңдаган жазым, жаным ай.
Жыргалымдын аткан таңындай,
Ай, ай, ай..

Тамшанам тал чыбыктай,
Ичке бели, көздөрү күйүп.
Алтын күлкү, шыңгыр добуш,
Ашык болуп келем сүйүп.
На, на, най,
Ал жомоктогу перидей.
Сырларын сактап келет,
Айтылбаган жомок болуп. 
Учкун учуп күлсө нуру,
Көз уялат күндөй болуп.
На, на, ней,
Ал бийкечтер оттой болот,
Кол тийгизбес чоктой болуп жанат эй.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Байланам шок кыздардын" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен