название:
автор:
Кызганба
автор:
Мирлан Баеков
рейтинг: ★★★★★ / 5.4 / 1361 просмотр
- Текст
- Открытка с текстом
Көрө албастар көргөндөй айтат, Көңүл бөлбөй көп жүргүн байкап. Көксөбөдүм сенден башканы, Көздөрүңдөн алгансың арбап. Кайырма: Мен өзүңдөн алыс чыкканда, Ишенбечи ушак уксаң да. Жаным, жаным, жаным, кызганба, Жашоом бирге, жаным садага. Азгырышат, ар кандай айтат, Алыс жүргүн андайдан байкап. Алмаштырбайм сени башкага, Аппак сүйүүм - өчпөс махабат. Кайырма: Мен өзүңдөн алыс чыкканда, Ишенбечи ушак уксаң да. Гүлүм, гүлүм, гүлүм, кызганба, Гүл сунбаймын башка кыздарга.
А как ты думаешь, о чем песня "Кызганба" ?