ГлавнаяИсполнителиМирбек АтабековБарам сага
название:

Барам сага


автор:

Мирбек Атабеков


рейтинг: ★★★★★ / 5.5 / 1529 просмотров
Мирбек Атабеков - Барам сага

Сөзү: Алмаш Чойбекова
Обону: Кадыралы Артыков

Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманда ак шумкарлар учкан кезде.
Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар,
Самашып сагынычымды,
Самашып сагынычымды уккан кезде,
Барам сага!

Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,
Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде.
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз,
Көп күндөр арабыздан,
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде,
Барам сага!

Ширесин карагаттар чачкан кезде,
Ажарын жоогазындар ачкан кезде.
Кучактап бейкутчулук түн коюнун,
Күн нуру уясына,
Күн нуру уясына баткан кезде,
Барам сага!

Гүлдөргө аарыларың конгон кезде,
Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде.
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей,
Алтын ай асмандагы,
Алтын ай асмандагы толгон кезде,
Барам сага!
Барам сага!

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Барам сага" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен