ГлавнаяИсполнители066 Асанкалый КеримбаевМундашым мунар кайдасын
название:

Мундашым мунар кайдасын


автор:

066 Асанкалый Керимбаев


рейтинг: ★★★★★ / 5.2 / 1187 просмотров
Сөзү: Аалы Токомбаевдики 
Обону: Асанкалый Керимбаевдики 

Сүт эмген бала жыттанган, илебиңди сагындым,
Мойнумду сылап артылган, билегиңди сагындым.
Талпынсам таппайм айласын,
Талаада калган өңдөнөм,
Таалайым Мунар, кайдасың?

Кучактап турсам туйлаган, жүрөгүңдү сагындым,
Эңкейсең эрке чайпалган, күбөгүңдү сагындым.
Муңаям таппай айласын,
Муңканып жалгыз отурам,
Муңдашым Мунар, кайдасың?

Балбылдап карап оштонуп, күлгөнүңдү сагындым,
Керүүдөн чыккан маралдай, жүргөнүңдү сагындым.
Талпынам таппайм айласын,
Таң атат дагы күн батат,
Тагдырым Мунар, кайдасың?

Гүл бурак жийде жыттанган, илебиңди сагындым,
Мойнума жумшак оролгон, билегиңди сагындым.
Көксөймүн таппай айласын,
Көңүлгө тете кылайын,
Түшкө кир, Мунар, кайдасың?

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Мундашым мунар кайдасын" ?
Alisa Boskonovith 23 май 0:15
О любви
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен