ГлавнаяИсполнителиНеизвестенТолгонуп толкундаба, сезимдерим
название:

Толгонуп толкундаба, сезимдерим


автор:

Неизвестен


рейтинг: ★★★★★ / 5.2 / 1226 просмотров
Толгонуп толкундаба, сезимдерим,
Тагдырга башымды ийген кезим менин.
Өнөрдүн өргө жолу али узак
Өнөрдү сүйгөндөрдүн эсиндемин

Буркурап боздой бербе, сезимдерим,
Буудан ат тоодо чабар кезим менин.
Бааласын, баалабасын кай бирөөлөр,
Баркымды билгендердин эсиндемин.

Кайгырып капаланба, сезимдерим,
Талпынып канат күүлөөр кезим менин.
Кааласын, каалабасын башка бирөөлөр,
Кадырым билгендердин эсиндемин.
Кааласын, каалабасын кай бирөөлөр,
Ак саамай энелердин,
ак калпак кыргыз элдин эсиндемин.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Толгонуп толкундаба, сезимдерим" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен