ГлавнаяИсполнителиНеизвестенСырымды кимге айтамын, кимдер угат?
название:

Сырымды кимге айтамын, кимдер угат?


автор:

Неизвестен


рейтинг: ★★★★★ / 5 / 997 просмотров
Сырымды кимге айтамын, кимдер угат?
Жүрөктү ким жылытат калса муздап.
Жалгыздык ээлеп алып жан дүйнөмдү,
Түшүмдү түшүнбөгөн ойлор бузат.

Кайырма:
Тумжураган айлана,
Жардам берчи мага.
Жалгыздыктын кереги,
Кереги жок бир мага.

Көбөйтөр көңүлдөгү кайгыларым,
Көйкөлүп көрүнгөнгө кайрыламын.
Кайрадан кайдыгерлик тиктей салкын,
Качан мен жалгыздыктан айрыламын?

Кайырма:

Бей күнөө үмүтүмдөн умтуламын,
Мүмкүндөй кусалыктан кутуларым.
А бирок колун сунбай бир тирүү жан,
Кайрадан жалгыздыкка тутуламын.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Сырымды кимге айтамын, кимдер угат?" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен