ГлавнаяИсполнителиОмар ЖанышовБулбул
название:

Булбул


автор:

Омар Жанышов


рейтинг: ★★★★★ / 5 / 1014 просмотров
Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Азгырып сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты эй, болжоп сайрап.

Ал чакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген о үрүл таңдан

Кайырма:
Булбулум, булбулум ай,
Буулуккан кургурум ай.
Бул кечте үнүң баспай,
Буулуктум неге мынча ай?
Булбулум, булбулум ай.

Жаңшайсың жаш булбул токтобогон,
Жашоодо жан жок эй боздобогон.
Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү,
Жаштыгым жаштыкка эй, окшобогон.

Сайрашың өткөндү эске салып,
Санааркайм ал күндөр четте калып.
Буулуккан булбулдай сени жоктоп,
Буйруксуз сүйүүмдү мен жектеп алып.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Булбул" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен