название:
автор:
Мен КЫРГЫЗМЫН!
автор:
Гульнара Тойгонбаева
рейтинг: ★★★★★ / 4.9 / 884 просмотра
- Текст
- Открытка с текстом
Керилген бир керме тоодон керегеси, Көпкөк асман түндүгү да, терезеси. Жабуулары, үзүктөрү ак булуттан, Жерим менин ак боз үйдөй керемети. Кайырма: Кайсы жерден болосуң деп сураба, Кандай элден экенимди сынаба. Мен айтпаймын бийиктеги жылдызмын деп, Мен жөн эле жашап келем кыргызмын деп. Чалкып жаткан ай-асмандан кең көрүнөм, Шаңшып учкан ак шумкарга тең көрүнөм. Ал анткени турпагыңа бутум тийип, Ата Мекен, сенде жашап, сенде жүрөм.
А как ты думаешь, о чем песня "Мен КЫРГЫЗМЫН!" ?