ГлавнаяИсполнителиБек БорбиевБишкек-Алматы
название:

Бишкек-Алматы


автор:

Бек Борбиев


рейтинг: ★★★★★ / 5 / 1035 просмотров
Дөөтү пирим колдосун,
Алдыдагы узак жол.
Тагдырыбыз шыдыр болсун дейбиз,
Жолдошубуз Кыдыр бол.

Селки тарапка сапарлаш,
Сөз узатсам, таарынбас.
Менден кичүү көрүнөсүң, бийкеч,
Болосуң бейм карындаш?

Кайырма:
Бишкек-Алматы, барабыз түн ката,
Сөзгө тарттым, селкиге үн ката,
Терезе караган, көзүнө муң ката.
Бишкек-Алматы, барабыз түн ката,
Сөзгө тарттым, селкиге үн ката,
Терезе караган көзүнө муң ката.
Атыңыз ким, айтпайм дейсиз,
Айтканымдан кайтпайм дейсиз,
Сиздей сулууну кылды экен ким капа?

Мемиредиң нени ойлой?
Койдум мен да ойготпой.
Аман-эсен барып, кайтып келгин,
Көз нуруңду жоготпой.

Кайырма:
Бишкек-Алматы, барабыз түн ката,
Сөзгө тарттым, селкиге үн ката,
Терезе караган, көзүнө муң ката.
Бишкек-Алматы, барабыз түн ката.
Сөзгө тарттым, селкиге үн ката,
Терезе караган, көзүнө муң ката.
Атыңыз ким, айтпайм дейсиз,
Айтканымдан кайтпайм дейсиз,
Сиздей сулууну кылды экен ким капа?

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Бишкек-Алматы" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен