название:
автор:
Суйуу керемет
автор:
Даниел
рейтинг: ★★★★★ / 4.9 / 891 просмотр
- Текст
- Открытка с текстом
Алтыным, берегирээк келчи мындай, Отурчу жан эргите ырдай, ырдай. Отурсак уктабастан түнү бою, Шарактап таң атканча үн басылбай. Отурсак уктабастан түнү бою, Шарактап таң атканча үн басылбай. Алтыным, сен мендеги ойду билсең, Ар дайым мени менен бирге жүрсөң. Элесиң ак маралга окшоп келет, Гүлзардан күлүмсүрөп чыга келсең. Элесиң ак маралга окшоп келет, Гүлзардан күлүмсүрөп чыга келсең. Сен барда караңгы түн да аппак таңдай, Ал тургай ай биз үчүн жаралгандай. Сен менен таштак жолдо баратсам да, Сезилет көл үстүндө бараткандай. Сен менен таштак жолдо баратсам да, Сезилет көл үстүндө бараткандай.
А как ты думаешь, о чем песня "Суйуу керемет" ?