название:
автор:
Сүйүү тамчысы
автор:
2010 Ж БИШКЕК
рейтинг: ★★★★★ / 5.2 / 1233 просмотра
- Текст
- Открытка с текстом
Сөзү: К.Качкынбаеваныкы Обону: И.Абдыразаковдуку Тагдырыма таарынамын, Таба албастан ага айла багынамын. Асыл эркем, сагынамын, Айтчы, кайсы кадамымдан жаңылганмын? Адилетсиз ак сүйүүнүн арман кайгысы. Кайырма: А балким, бул тагдырымдын тайкысы, Анан кантем сенде жүрөк ачкычы? Болдум эми махабаттын жарчысы, Сүйүү тамчысы... Билесиң бул арманымды, Жалгыз гана ырга айланып калганымды. Ойлоп, ойлоп мен, сүйгөнүм, Өзүмдү өзүм сооротконду эми үйрөндүм. Адилетсиз ак сүйүүнүн арман кайгысы. Кайырма: А балким, бул тагдырымдын тайкысы, Анан кантем сенде жүрөк ачкычы? Болдум эми махабаттын жарчысы, Сүйүү тамчысы...
А как ты думаешь, о чем песня "Сүйүү тамчысы" ?