название:
автор:
Жар жар
автор:
Кыз бурак
рейтинг: ★★★★★ / 5.5 / 1494 просмотра
- Текст
- Открытка с текстом
Кошулушуп эки жаш, жуп болуптур, жар-жар, Кубанышып эл-журту, кут конуптур, эй, жар-жар. Толкуп келген мейманга той баштайбыз, жар-жар, Болушунча аянбай, бой таштайбыз, эй, жар-жар. Алтын ордо, гүл бакча, калаалуу бол, жар-жар, Аркаңардан ээрчиген балалуу бол, эй, жар-жар. Ак элечек колго алып, ырдап жүргүн, жар-жар, Жакшы менен жаманды ылгап жүргүн, эй, жар-жар. Ырыс алды – ынтымак, билип жүргүн, жар-жар, Ата-энеңе башыңды ийип жүргүн, эй, жар-жар. Ак булуттан себилген кар болгула, жар-жар, Дайым ушул жашоодо бар болгула, эй, жар-жар.
А как ты думаешь, о чем песня "Жар жар" ?