название:
автор:
Кеттин башкага
автор:
Асель
рейтинг: ★★★★★ / 5.5 / 1451 просмотр
- Текст
- Открытка с текстом
Сөзү: Айпери Сыдыкованыкы Обону: Нурлан Насиптики Кош бол эми көрүп бүттүм анык жүзүңдү, Коргойм эми кор кылдырбайм алсыз сүйүүмдү. Отко салдым сүрөтүңдү ыйлап ызамдан. Оор болсо да унутамын жаным өзүңдү. Кайырма: Сагынбайм, кайгырбайм, кайра азгырба, Каректерим кургап калган, Көңүл калган, бүттү актанба, Жүрөгүмдү оорутуп, оорутуп, Кеттиң башкага. Күнү-түнү сени ойлоп, сенсиз кыйналдым, Күйүтүмдү ичке салып азапта калдым. Ыйлабайм деп сооротомун алдап өзүмдү, Жалган айтып булгап алдың тунук сүйүүмдү. Кайырма: Сагынбайм, кайгырбайм, кайра азгырба, Каректерим кургап калган, Көңүл калган, бүттү актанба, Жүрөгүмдү оорутуп, оорутуп, Кеттиң башкага.
А как ты думаешь, о чем песня "Кеттин башкага" ?