название:
автор:
Балама
автор:
Ирина Шотт feat. Нури
рейтинг: ★★★★★ / 5.2 / 1192 просмотра
- Текст
- Открытка с текстом
Ирина Шотт, Нури - Балама Сөзү: Э.Ибраев Обону: Э.Мааданбеков Көлөкөлөп көңүл ачарым, Берекелеп жарпым жазарым. Бал татыган балдыр тили бар, Балам бактым, балам базарым Алдей ай, бөпөм ай, Балам бактым, балам базарым Катылган сыр, ойду ачарым, Каткырыгың көңүл жазарым. Картайганда арка-бел болоор, Кагылайын, орун басарым. Алдей ай, бөпөм ай, Кагылайын, орун басарым Көңүл төтө кылган медерим, Көзүмдөгү эки карегим, Канттан таттуу, гүлдөн жыты артык, Кандан чыккан, асыл данегим. Алдей ай, бөпөм ай, Кандан чыккан, асыл данегим.
А как ты думаешь, о чем песня "Балама" ?