ГлавнаяИсполнителиАрсенСүйүүмдү таптым
название:

Сүйүүмдү таптым


автор:

Арсен


рейтинг: ★★★★★ / 5.4 / 1442 просмотра
Арсен - Сүйүүмдү таптым

Жактырып калдым,
Жүрөктөн алдың.
Кезиккен жанды,
"Бактым" - деп таптым.

Кайырма:
Сонун көрүнүп, төгүлүп,
Жүрөккө жактың.
Менин көңүлүм бөлүнүп,
"Сүйүүм" - деп таптым!

Жан шерик болчу,
Купулга толчу.
Колум сунайын,
"Макул" - деп койчу.

Кайырма

Сага жолукпасам мен,
Айтпасаң сен,
Санаам сансыздап.
Бакыт бербесең сен,
Келбесең сен,
Сезим алсыздап.
Үмүт бербейсиңби,
Сезбейсиңби,
Менден тартынба.
Көпкө күткөнүм - сен,
Сүйгөнүм - сен,
Жоопсуз калтырба!

Кайырма-2:
Күндө сагынып, зарыгып,
Мени күтсөң сен.
Кусам жарылып, кабылып,
"Бакыт таптым" - дейм.

Аппак айдайым,
Жаркын жайдарым.
О, "өзүң" - деп жашайын!

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Сүйүүмдү таптым" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен