ГлавнаяИсполнителиАрсенАруужан
название:

Аруужан


автор:

Арсен


рейтинг: ★★★★★ / 5.3 / 1342 просмотра
Арсен - Аруужан

Ай асмандай бийиксиң,
Алыстан мен аярлайм.
Асылдыктын бирисиң,
Айта албаймын, абайлайм.

Жаралгансың ким үчүн?
Жаздын жарык күнүндөй,
Жылмайганың, күлүшүң,
Жарык чачат күлүңдөй.

Кайырма:
Жаным деп,
Айткым келет мен тажабай.
Жамалыңа зар болуп,
Жалооруймун баладай.

Жан дүйнөмдү эңсетип,
Жаным, менден алыссың.
Туң сүйүүмдүн эркеси,
Түштө көргөн жарыксың.

Кезиккенбиз капыстан,
Ошол күнүм арманбы?
Жетпей сага ашыккан,
Махабатым жалганбы?

Кайырма

Кайгырамын таба албай,
Кайдан издеп барам, ай?
Дүйнө кезип издесем,
Кезикпедиң сен мага.

Кайырма

Жүрөгүмдү эзбечи,
Сүйөөрүмдү сезсеңчи,
Кыйнабай...

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Аруужан" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен