название:
автор:
Кош журөк
автор:
Омар
рейтинг: ★★★★★ / 5.4 / 1430 просмотров
- Текст
- Открытка с текстом
Омар - Кош жүрөк Жүрөгүмдүн жарыгын, Бир таарыныч бузабы? Ынтымактын жалынын, Ыксыз ушак сызабы? Сезимдеги жылуулук, Сөзгө келбей тоңобу? Сүйүүдөгү сулуулук, Өз колумдан соолуду. Кайырма: Ширелишкен кош жүрөк, Шарт бөлүнүп кетеби? Биригишкен кош тилек, Бири-биринен кечеби? Элесиңди мен таппай, Жер бетине мен батпай. Көздөгөнгө мен жетпей, Кол кармашып мен кетпей. Сезимдеги жылуулук, Сөзгө келбей тоңобу? Сүйүүдөгү сулуулук, Өз колумдан соолуду. Кайырма
А как ты думаешь, о чем песня "Кош журөк" ?