ГлавнаяИсполнителиНеизвестенНөшөрлөп ээ-жаа бербей жамгыр төксө
название:

Нөшөрлөп ээ-жаа бербей жамгыр төксө


автор:

Неизвестен


рейтинг: ★★★★★ / 5.2 / 1186 просмотров
Нөшөрлөп ээ-жаа бербей жамгыр төксө,
 Жамгырдай толгон карек жашын сепсе.
 Жүрөгүм жашка эзилип келээр бекен?
 Жанымдын кыйналганын жаның сезсе.

 Кайырма:

 Сезбеди сагынганым сенин жаның,
 Саргартып кан жүрөктү ажарладың.
 Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным,
 Жутпадым сен жыттанган,
 Жутпадым сен жыттанган,
 Сүйүү балын.

 Айта албай убакыттын эрте-кечин,
 Сыялап сырлар жазат кагаз бетин.
 Кетипсиң кайра келбес сапарыңа,
 Калтырып махабаттын ыр-кесесин.

 Кайырма:

 Конбодуң чынарымдын бутагына,
 Кыспадың койнуң толо кучагыңа.
 Түбөлүк тартуу кылып бериптирсиң,
 Карматып кыпкызыл чок бутагыңа.

 Кайырма:

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Нөшөрлөп ээ-жаа бербей жамгыр төксө" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен