ГлавнаяИсполнителиГулнур СатылгановаДасторкон
название:

Дасторкон


автор:

Гулнур Сатылганова


рейтинг: ★★★★★ / 5.1 / 1115 просмотров
Сөзү: Э.Эрматовдуку 
Обону: А.Карыбаевдики 
Элибизге мейман келсе,
 Жайылат ак дасторкон.
 Дүйүм тамак, шербет мейиз,
 Дасторконго жык толгон.
 Кыргыз пейили тоодой бийик,
 Көлдөй таза, туптунук.
 Колдо барын төгүп салып,
 Аябагын достордон. 

 Кайырма:
 Дасторконду кенен жайгын,
 Күлкү болсун, ыр болсун.
 Бабалардан калган мурас,
 Келе жатат бул жосун.
 Элге-жерге берсин бакыт,
 Кут төгүлгөн береке.
 Умай эне, Теңир ата,
 Урпактарын колдосун.

 Дасторкондун даамын сызып,
 Көтөрөлү көңүлдү.
 Ынтымагы болсун дайым,
 Болсун элим өмүрлүү.
 Намысыңды дасторкондой,
 Кирсиз, таза сактагын.
 Арам ойлуу адам келсе,
 Тебелетпе төрүңдү.

 Кайырма:

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Дасторкон" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен