ГлавнаяИсполнителиГулнур СатылгановаСени буйруп
название:

Сени буйруп


автор:

Гулнур Сатылганова


рейтинг: ★★★★★ / 5.5 / 1541 просмотр
Гүлнур Сатылганова "Сени буйруп койбогондо..."

Тилектин баары тунук акак дебе,
 Тирелип көкүрөктө жатат дебе.
 Термелткен сенин күчүң болбогондо,
 Тез эле менин күнүм батат дебе.

 Кайырма: 
 Күлгүн жаш күлкү менен өтөт дебе,
 Күлкүдөн күйүттү эзип кетет дебе.
 Кудурет сени буйруп койбогондо,
 Кусалык жүрөгүмдү эзет дебе.

 Күн болбой гүлдөр жайнап өсөт дебе,
 Жел болбой булут калкып көчөт дебе.
 Жылуулук сенден келип турбаганда,
 Жылдызым жыл айланбай өчөт кээде.

 Кайырма: 

 Жылдызды көктөн түшпөс чырак дебе,
 Жылжыган арык көрсөң, булак дебе.
 Доорун сүрүп сени менен өткөнүмчө,
 Болду, мезгил токтолуп турат дебе.

 Кайырма:

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Сени буйруп" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен