ГлавнаяИсполнителиНеизвестенКүн дүйнөнү ар убак
название:

Күн дүйнөнү ар убак


автор:

Неизвестен


рейтинг: ★★★★★ / 5.5 / 1461 просмотр
Күн дүйнөнү ар убак,
 Күүгө салат табигат.
 Жалбырактар даракта,
 Алакандай чабылат.

 Шаң учурган шамалдан,
 Шаттык ыры жаралган.
 Толкуп кетип обонго,
 Тоолор бийик жаралган.

 Кайырма:
 Ар күнүң табылбас кайрыктай,
 Обонго салып кал айрымдарын.
 Бул өмүр жүктөлүү байлыктай,
 Кербенге теңелет ай, жылдары.
 Ак тилек ырдан айрылбагын.

 Кубанычты аркалап,
 Куштар сайрап жар салат.
 Жалганына карабай,
 Жашоо кандай салтанат!

 Ырчы болор жорголор,
 Сырдуу обон ойнолот.
 Сүйүү тилеп адамзат,
 Сезим кылдай толгонот!

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Күн дүйнөнү ар убак" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен