ГлавнаяИсполнителиМирбек АтабековЭне колу
название:

Эне колу


автор:

Мирбек Атабеков


рейтинг: ★★★★★ / 4.8 / 792 просмотра
Мирбек Атабеков - Эне колу

Сөзү: К. Алымкулов
Обону: Б. Алишеров

Жарыкка көз жарганда эң оболу,
Толгонуп канча жашы корободу.
Кызыл эт балапандай баланы алып,
Калтаарыбай киндик кескен эне колу.

Кайырма:
Үзүлбөй келечектен күткөн ою,
Үйрөтүп, үзүр көрүү өмүр бою.
Эмгектеп, талпынып жаңы баскан мезгилинде,
Тай-тайлап жетелеген эне колу.

Эзилип эт жүрөгү эчен жолу,
Аластап тийбесин деп эч бир ооруу.
Айланып түн уктабай, азап тартып,
Ак сүтүн эмизген да, эне колу.

Кайырма

Гүлдөтүп мээрим менен талаа-тоону,
Кең салып, чаап берген турмуш жолун.
Жашоонун үрөнүн сээп, өмүр улап,
Чарчабай эмгектенген эне колу.

Кайырма

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Эне колу" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен