название:
автор:
Кусалык
автор:
Айжамал Кабылова
рейтинг: ★★★★★ / 5.2 / 1195 просмотров
- Текст
- Открытка с текстом
Сүйүүдөн тапкан белегим, Сүйөнөр тоом, жөлөгүм. Нур болуп кирдиң сен үйүмө, Көксөгөн үмүт-тилегим. Кайырма: Жыпарым, жыттуум, шириним, Күн болуп көктөн төгүлдүң. Арчадан болду бешигиң, Арчадай болсун өмүрүң. Шылдырап аккан булагым, Жаныма эрмек ынагым. Көрбөсөм көөнүм бөксөрүп, Сагынып гана турамын. Кайырма: Жыпарым, жыттуум, шириним, Күн болуп көктөн төгүлдүң. Арчадан болду бешигиң, Арчадай болсун өмүрүң. Каткырсаң балкып кетемин, Асманга учуп жетемин. Булуттай болгон жүрөгүм, Садагаң болуп кетейин. Кайырма: Жыпарым, жыттуум, шириним, Күн болуп көктөн төгүлдүң. Арчадан болду бешигиң, Арчадай болсун өмүрүң.
А как ты думаешь, о чем песня "Кусалык" ?