ГлавнаяИсполнителиКубаныч СатаевБөлүнбө Кыргызым
название:

Бөлүнбө Кыргызым


автор:

Кубаныч Сатаев


рейтинг: ★★★★★ / 4.6 / 611 просмотров
Биз кайда, кыргыздар, адашып, 
Адашып баратабыз?
Түйшүктү өзүбүз жаратабыз.
Бөлүнүп түштүккө, түндүгүнө,
Ынтымак ыдырап барат алыс.

Кайырма:

Бөлүнбө, кыргызым,
Бөлүнбө, бөлүнбөгүн!
Бөлөккө ыркы жок улуттай көрүнбөгүн.
Элим менин, бөлүнбөгүн, бөлүнбөгүн.

Тарыхта кыргызым кадырлуу, 
Тамырлуу, бийик элден.
Душманы тизесин ийип келген.
Манасы жол баштап кыйын күндө,
Курама кол топтоп, жыйып келген.

Кайырма:

Биригип биз бүгүн ырыскы, бакыттан кайык жасап,
Биримдик, достукту калыптасак.
Алданбай эл-журтту бөлгөндөргө,
Ак жолдон адашып, жаңылбасак.

Кайырма:

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Бөлүнбө Кыргызым" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен