ГлавнаяИсполнителиМалика-ДинаЖолугабыз аз кундо
название:

Жолугабыз аз кундо


автор:

Малика-Дина


рейтинг: ★★★★★ / 5 / 1026 просмотров
Көлдүн жээги, бирге басып салкындап,
Жайдар мүнөз, жаз күнүндөй жаркылдап.
Жумшак шамал бетти аймалап сыласа,
Майда толкун жээкке урунуп шарпылдап.
Кошкун дедиң көпкө чейин кол булгап,
Кете бердим пароходдо калкылдап.

Эми алысмын куса болуп сагынып,
Бирок дагы бирге жүрөт тамашаң.
Түбөлүктүү, өмүрүмдүн шериги,
Сени сүйүп, жалгыз сени жаратат.
Ашыктыгым ого бетер артылат,
Сагынганда сүрөтүңө карасам.

Ар бир кыял-мүнөздөрүң көңүлдө,
Унутпастан ойлойм өзүң жөнүндө.
Сары алтын түбү келип сабырдын,
Сагынуумдун зардабына жеңилбе.
Аз күн калды жолугушчу убакыт,
Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Жолугабыз аз кундо" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен