название:
автор:
Кызган мени
автор:
Алтынай Нарбаева, Самара Каримова
рейтинг: ★★★★★ / 5 / 963 просмотра
- Текст
- Открытка с текстом
Кызган мени, кызган, бирок билдирбе, Сынат чөлмөк миң күн эмес, бир күндө. Көңүл жиби - тыт көпөлөк тарткан жип, Үзүп алып, эки ортодо бүлдүрбө. Кызган мени, кызган, бирок билдирбе, Бирин-бири кызганбасын ким мүлдө. Капкайдагы жаман ойду ойлосоң, Акылыңдан адашасың бир күндө. Кызган мени, кызган, бирок билдирбе, Кур кызгансаң мени менен бир жүрбө. Эмне болуп кетер экен дегендер, Карап турат, мага аларды күлдүрбө.
А как ты думаешь, о чем песня "Кызган мени" ?