ГлавнаяИсполнителиАЛТЫНАЙ НАРБАЕВАСЕН БИЛГЕН ЖОКСУН
название:

СЕН БИЛГЕН ЖОКСУН


автор:

АЛТЫНАЙ НАРБАЕВА


рейтинг: ★★★★★ / 5 / 969 просмотров
Алыстан бир сен үчүн келгенимди,
Сыр кылып кызыл гүлдү бергенимди,
Сен билген жоксуң.

Ичимден сүйөмүн деп айтканымды,
Үшкүрүп үйгө амалсыз кайтканымды,
Сен билген жоксуң.

Атыңды ак баракка жазганымды,
Анардай кызыл өңдөн азганымды,
Сен билген жоксуң. 

Үйүңдү жалжал карап күткөнүмдү,
Көзүмдөн ысык жашты төккөнүмдү,
Сен билген жоксуң. 

Түшүмдө сени менен жүргөнүмдү, 
Эзилип эркин ойноп- күлгөнүмдү,
Сен билген жоксуң.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "СЕН БИЛГЕН ЖОКСУН" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен