ГлавнаяИсполнителиДуэт Non StopЖурогум сага
название:

Журогум сага


автор:

Дуэт Non Stop


рейтинг: ★★★★★ / 4.8 / 838 просмотров
Non-Stop - Жүрөгүм сага.

Сени сүйүп, ашык болгон кезимде,
Кутулбадым "эңсөө" деген сезимден.
Бир өзүңсүз, баарын кечип кетсем дейм.
Бул жашоодо, сага гана берилгем.

Кайырма:
Неге мынча сүйдүм экен сени мен?
Неге мынча бир өзүңө берилгем?
Сени самап, сени сүйүп жүргөнүм,
Сезээр белең? Сездиң бекен деги сен?
Түштөй болуп өтүп кетээр өмүр да,
Түбөлүккө биз жаш бойдон жүрбөйбүз.
Өз маалында отко айлантып сезимди,
Бул жалганда неге ойноп күлбөйбүз?

Жал-жал көз ай, ак маралдай керилген.
Жомоктогу перисиңби деги сен?
"Сен" - деп согуп, сүрдөп ыйлайт жүрөгүм.
Сени сүйүп, ашык болгон кезимде.

Кайырма

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Журогум сага" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен