ГлавнаяИсполнителиБегимай КарабаеваТан шооласы
название:

Тан шооласы


автор:

Бегимай Карабаева


рейтинг: ★★★★★ / 5.2 / 1199 просмотров
Жаштык кетет кайрылбай,
Өткөн күндөн айрылбай.
Артык эле көптүн сырлары,
Үмүт гана жалдырайт.
Үнсүз тиктейт жалбырак,
Кечки сулуу сезим кылдары.
Ансыз кыска өмүрдө,
Кайгы калат көңүлдө.
Бир сен эмес жүргөн адашып,
Мейли бул ыр өчпөсүн,
Жаштык курак өтпөсүн,
Бул жашоодо дайым жанашып.

Кайрма:
Таң шооласын төккөндө, 
Күн жүзүмөн өпкөндө.
Жашоо кайра жанданып,
Кайрылуу жок өткөнгө .

Оомат бакыт бир келет,
Ойной турган күн келет.
Көз отуңдан жашың тамбасын,
Жаным агат кан агат.
Келсе аруу махабат,
Бул жашоодо көңүл калбасын.
Бир көрүүнү сагынбай,
Ойго чөмүп жалынбай.
Айтчы жаным жаштык сырларын,
Аккан суудай тунуксуң,
Көлдөй терең улуксуң,
Таңкы сезим сүйүү кылдары.

Кайрма:

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Тан шооласы" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен