ГлавнаяИсполнителиМирбек АтабековЭрке кыз
название:

Эрке кыз


автор:

Мирбек Атабеков


рейтинг: ★★★★★ / 5.5 / 1492 просмотра
Эмитеден көз карашың чоң кыздардай,
Эртели-кеч адат болду го кызганмай.
Эркелигиң калган менен, дале жашсың,
Эми жүрөм коштошууга колум барбай.
Деңиздей көздөрүң эсимден кетпей,
Сагындырат.

Махабат сүрөп, бир өзүңдү сүйөт,
Алыс кетсем да, айга жетсем да.
Кыя албай жүрөк, кыялымда жүрөт,
Жанымда дайым, ойноп өтсөң да.

Эрке кыз, эрке.

Балким, сенин көз карашың өзгөрүлөт,
Билем, сен да чоңоёсуң көз көрүнөө.
Эчен жигиттер, чиркин, арттан калбай,
Мага сенин эркелигиң гана жагат.
Деңиздей көздөрүң эсимден кетпей,
Сагындырат.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Эрке кыз" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен