название:
автор:
Көрүшкөндө көздөр тике карабай
автор:
Неизвестен
рейтинг: ★★★★★ / 5.1 / 1135 просмотров
- Текст
- Открытка с текстом
Көрүшкөндө көздөр тике карабай, Эки мүнөз уяң өскөн баладай. Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып, Баратабыз гүлдүү бакты аралай. Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан, Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан. “Аппагыңды көрүп алчы” дегенсип, Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган. Жарк дегенде неге сени карадым? Жүрөк булкуп жайнап турду жамалың. "Дагы, дагы жарк дей түшсө экен" деп, Ошондо мен чагылганды самадым. Басылганча туралы деп кичине, Баш катабыз бир күрмөнүн ичине. Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк, Неге мынча сүйүү кызык кишиге?
А как ты думаешь, о чем песня "Көрүшкөндө көздөр тике карабай" ?