ГлавнаяИсполнителиНеизвестенКөп күттүргөн аруу сезим келди мага
название:

Көп күттүргөн аруу сезим келди мага


автор:

Неизвестен


рейтинг: ★★★★★ / 4.9 / 885 просмотров
Көп күттүргөн аруу сезим келди мага,
Көкөлөп учкан куштай ак таңымда.
Тагдырым менин берген бакытымды,
Таалайымды түбөлүк мен таптымбы.

Кайырма:

Өзүңдү мен өмүр бою издеп келгем,
Көздөрүңдөн арзуу нурун көрсөм дегем.
Мөлтүр таза менин сага махабатым,
Жообун күткөн чын сүйүүмдү кабыл алгын.

Жүрөгүмдүн оотой ысык алоосу сен,
Жаштыгымдын жанып турган каалоосу сен.
Жанбиргем деп жандап жүрсөм сезим арнап,
Жалындаган сүйүүм менин сени тандайт.

Кайырма:

Айланчыктап жаныңдан чыккым келбейт,
Айды кармап сырдуу түндө күткүм келет.
Ай перидей жамалыңды бир көрүүгө,
Аздек кыял айдап келем мен күнүгө.

Кайырма:

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Көп күттүргөн аруу сезим келди мага" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен