ГлавнаяИсполнителиСъездбек искеналиевЭсимде
название:

Эсимде


автор:

Съездбек искеналиев


рейтинг: ★★★★★ / 5.5 / 1537 просмотров
Съездбек Искеналиев - Эсимде
Сөзү: Түмөнбай Байзаков
Обону:Съездбек Искеналиев

Эсимде жаштык бактары,
Эсепсиз эле түрлөрү.
Эңилсе бизге шактары,
Эринин тосчу гүлдөрү.

Жадымда жаштык көктөмү,
Жашылга жашыл жарашчу.
Жалбырак турса өпкөнү,
Жоодурап гүлдөр карашчу.

Кайырма:
Ошонун баары эсимде,
Ошонун наары эсимде.
Ой чулгап турган кезимде,
Ошолор түшөт сезимге.

Жалындап күйгөн өрттөгү,
Жарк эткен издер табылчу.
Жымыңдап күйгөн көктөгү,
Жылдыздан чырак жагылчу.

Кайырма:
Ошонун баары эсимде,
Ошонун наары эсимде.
Ой чулгап турган кезимде,
Ошолор түшөт сезимге.

Беш көкүл элең гүл бурап,
Бейиштен келген перидей.
Булбулду коштоп үндү улап,
Басчу элең назик берилей.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Эсимде" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен