название:
автор:
Асем кыз
автор:
03. Асема
рейтинг: ★★★★★ / 4.8 / 830 просмотров
- Текст
- Открытка с текстом
Сен өзүң ыр окшойсуң түгөнбөгөн, Эриниң, каректериң, каштарың да. Асем кыз айтып, жазып бүтө албаган, Ыргагы окшойт ырдын басканың да. Кайырма: Ах, кандай кереметсиң, жакшынасың, Саат санап сагынтасың, жакшырасың. Акылдан адаштырып, айтчы неге? Ар башка азабыңды тарттырасың? Мен сени жазып бүтпөйт көрүнөмүн, Элесиң ээрчийт, ойго чөмүлөмүн. Көлкүлдөп ырга айланып өзүм дагы, Ак кардай кагазыма төгүлөмүн.
А как ты думаешь, о чем песня "Асем кыз" ?