название:
автор:
Ата-Тилеги
автор:
Мирлан Баеков
рейтинг: ★★★★★ / 5.5 / 1513 просмотров
- Текст
- Открытка с текстом
Эрмегим элең эркелеп, кызым, Колумдан кеттиң эртелеп, кызым. Теңиңе кошуп узатып жатам, Теңирим бакыт берсе деп, кызым. Кайырма: Ай, жыл да өтөр, Улана, кызым. Турмуш бул татаал, Убара, кызым. Атадай камкор болуп жүргүн деп, Тапшырдым сени кудама, кызым. Кайырма: Бой тумар сындуу, Көрүнгөн кызым. Бой жеткен кезде, Бөлүнгөн кызым. Бакыттын кушун колуңа кармап, Бактылуу өткүн өмүрдөн, кызым. Кайырма: Тартылган үйгө желегим, кызым, Таарынып келем дебегин, кызым. Ак тилегимди ыр менен сунуп, Арнаган сага белегим, кызым.
А как ты думаешь, о чем песня "Ата-Тилеги" ?