название:
автор:
Капа болбо
автор:
Эдил Маматов, Аваз Муратов
рейтинг: ★★★★★ / 5.1 / 1096 просмотров
- Текст
- Открытка с текстом
Эсиме алсам мен сени, Жаш келет го көзүмө. Сулуу дешти эл сени, Сырдашкан бир күндөрдө. Ошол жыргал кезде мен, Өзүң менен тааныштым. Эгер болсо чын сүйүү, Неге менден алыссың? Кайырма: Сагынычтан кол булгап, Махабатым алсырайт. Коштоштуруп сен менен, Эт жүрөгүм кансырайт. Махабат деген ушундай, Капа болбо, досум ай. Экөөбүзгө арналган, Тагдыр иши ушундай. Жан дүйнөмдө сезимдер, Муңайган дарт көзүңдө. Сүйө албадым, жалгызым, Коштошордо өзүңдү. Бакыт башка конбоду, Тагдыр жазса болгону. Махабаттын кыйышпай, Эки айрылды жолдору. Кайырма:
А как ты думаешь, о чем песня "Капа болбо" ?