название:
автор:
"Көпөлөк" тасмасынын саундтреги
автор:
Неизвестен
рейтинг: ★★★★★ / 5.1 / 1119 просмотров
- Текст
- Открытка с текстом
"Көпөлөк" тасмасынын саундтреги Сөзү : Аалы Токомбаевдики Обону : Таалай Бейшеевдики Ааламды жеке билсе да, Алтындан үйгө кирсе да, Асманда жылдыз аралап, Бакытка тойбойт адамзат. Сагынтып дайым турса да, Кусалык бакыт сунcа да, Жылуулук сезим аралап, Сүйүүгө тойбойт адамзат. Кылымды кыйла көрсө да, Кызыкты өзү бөлсө да, Кырчындай жаштан айрылып, Өмүргө тойбойт адамзат. Жанында өмүр турса да, Жалтантып кылыч сунса да, Ирмелбей көзү тунса да, Үмүткө тойбойт адамзат. Бакытка тойбойт адамзат, Өмүргө тойбойт адамзат.
А как ты думаешь, о чем песня ""Көпөлөк" тасмасынын саундтреги" ?