название:
автор:
Алтынчы күнү кечинде
автор:
Ырысбай Абдыкадыров
рейтинг: ★★★★★ / 5.5 / 1484 просмотра
- Текст
- Открытка с текстом
Сөзү : М.Алиевдики Обону : Р.Абдыкадыровдуку Ал мезгил менин эсимде, Али да турат сезимде. Ар дайым күтүп барчумун, Алтынчы күнү кечинде. Сүйүү оту турса көзүңдө, Сүйүнүч турса сөзүңдө. Сабактан бошоп сырдаштык, Алтынчы күнү кечинде. Сырдашпай келип чечимге, Чыгарбай сырды эч кимге. Диплом алдың, сөз бердиң, Алтынчы күнү кечинде. Эртелеп барсам бешимде, Экзамен бүткөн кезинде. Ашыкпа дедиң, той болот, Алтынчы күнү кечинде.
А как ты думаешь, о чем песня "Алтынчы күнү кечинде" ?