название:
автор:
Сен тарап дайым агарат
автор:
Рысбай Абдыкадыров
рейтинг: ★★★★★ / 5.2 / 1230 просмотров
- Текст
- Открытка с текстом
Сөзү : Т.Эргешовдуку Обону : Р.Абдыкадыровдуку Өмүрдө өксүп өткөнүм, Өзөккө өрттү төккөнүм. Эзилип жүрөт жүрөгүм да, Эсиме түшүп өткөнүм. Ошол түн мага от болуп, Көзүмө кызыл чок конуп. Өзүмө өзүм көрүнбөй да, Баратат окшойм жок болуп. Өзүмдө жүрүп күнөсүм, Өзгөрүп кетип мүнөзүң. Күчөгөн күйүт куйкалап да, Күнөөлүү болдум мен өзүм. Сүйүүнүн күчүн белгилеп, Кеберсип калды бир илеп. Сен тарап дайым агарат да, Жарыгы жанып берилеп.
А как ты думаешь, о чем песня "Сен тарап дайым агарат" ?