ГлавнаяИсполнителиРысбай АбдыкадыровСагындым туулган жер сени
название:

Сагындым туулган жер сени


автор:

Рысбай Абдыкадыров


рейтинг: ★★★★★ / 5.4 / 1377 просмотров
Убайым тартып алыстан,
Унутуп бардык нерсени.
Сары оору болуп ансызда,
Сагындым туулган жер сени.

Канатым болсо азыр мен,
Калкылдап учуп жетсем дейм.
Калдайган сары талааңда,
Карлыгач болуп кетсем дейм.

Ээрчитип дайым бийикке,
Элесиң чыкпайт эсимден.
Сел жүрүп дайым денеде,
Сезимди бийлеп келесиң.

Уктасам кирет түшүмө,
Аргымак чапкан талаалар.
Тыйылбай такыр кусалык,
Тынчыбай койду санаалар.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Сагындым туулган жер сени" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен