ГлавнаяИсполнителиИльяс АбдразаковАпакебай
название:

Апакебай


автор:

Ильяс Абдразаков


рейтинг: ★★★★★ / 4.7 / 684 просмотра
Жылдан-жылга саамайың буурул тартып,
Жылуу жүздүн бырышы барат артып.
Апакебай, ардагым, теңдеши жок,
Атып турчу ак таңдай, күндөй жаркып.

Кайырма:
Апакебай, ак шооладай,
Жанып турчу күндө жаркып.
Апакебай, ак шооладай, 
Жанып турчу күндө жаркып.

Сенин барың өмүргө кубат берет,
Сени эстесем көңүлгө кубанч келет.
Турмушумду бөксөртпөй көктөп турчу,
Сен жашоого көрк берген чынар терек.

Кайырма:
Апакебай, ак шооладай,
Жанып турчу күндө жаркып.
Апакебай, ак шооладай, 
Жанып турчу күндө жаркып.

Жылдан-жылга саамайың буурул тартып,
Жылуу жүздүн бырышы барат артып.
Апакебай, ардагым, теңдеши жок,
Атып турчу ак таңдай, күндөй жаркып.

Кайырма:

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Апакебай" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен