ГлавнаяИсполнителиСайкал садыбакасоваЖалгызым ай
название:

Жалгызым ай


автор:

Сайкал садыбакасова


рейтинг: ★★★★★ / 5.5 / 1515 просмотров
Арзуу толгон жүрөгүм акмалап карааныңды,
Сага карай шашылам көрүүгө жамалыңды.
Санаага салбастан, билдирчи кабарыңды,
Асылым, ай, сени самай, 
Карагат көздөрүңдү сагындым, ай.
Күттүм далай жолуң карай, 
Жалгызым, бир өзүңдү сагындым, ай.

Бир кездерде тагдырым кубантып бакыт сунган,
Жаркылдаган жүзүңдөн ажарың жанып турган.
Экөөбүздүн сүйүүбүз дайрадай агып турган,
Асылым, ай, сени самай, 
Карагат көздөрүңдү сагындым, ай.
Күттүм далай жолуң карай, 
Жалгызым, бир өзүңдү сагындым, ай.

Асылым, ай, сени самай, 
Карагат көздөрүңдү сагындым, ай.
Күттүм далай жолуң карай, 
Жалгызым, бир өзүңдү сагындым, ай.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Жалгызым ай" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен