ГлавнаяИсполнителиАдылбек Кыязов, Дамира БаратбаеваАк куу
название:

Ак куу


автор:

Адылбек Кыязов, Дамира Баратбаева


рейтинг: ★★★★★ / 4.8 / 822 просмотра
Бүгүн кеч кандай гана ырахаттуу,
Өмүргө бул келген кез салтанаттуу.
Кошулуп комуз менен ырдап жаттың,
Сен мага ак куу болуп миң канаттуу.

Карегим карегиңе чагылышты,
Ырдадың мендеги бир сагынычты.
Сен айттың өмүр деген чоң дайрада,
Махабат жайындагы кагылышты.

Ырыңды, обонуңду жаттап алдым,
Үнүңдү жүрөгүмө сактап алдым.
Бул ырды, бул обонду бул үн менен,
Жараткан кудуретке таңыркандым.

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Ак куу" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен