ГлавнаяИсполнителиНурзат СадыковаАйланайын
название:

Айланайын


автор:

Нурзат Садыкова


рейтинг: ★★★★★ / 4.7 / 695 просмотров
Сөзү : Фаризат Асанкалый кызыныкы
Обону : Э.Хасангалиевдики

Бир өзүңсүң көңүлүмдө,
Сүйүү болдуң жүрөгүмдө.
Мени сендей ардактаган,
Ким бар дейсиң бул өмүрдө?

Кайырма:
Асмандагы айдай жандың,
Сен жашоомду саймаладың.
Мени сүйгөн жүрөгүңдүн,
Кагышынан айланайын.

Сага мен да болдум кумар,
Жүрөгүмө тактың тумар.
Сенин сүйүүң жалындаган,
Мага тирек болуп турар.

Кайырма:

Сенин сүйүүң алга сүрөт,
Үмүт болуп менде жүрөт.
Сүйкүм жүзүң көргөнүмдө,
Бир мен эмес, дүйнө күлөт.

Кайырма:

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Айланайын" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен