ГлавнаяИсполнителиНурлан НасипАйта албайм
название:

Айта албайм


автор:

Нурлан Насип


рейтинг: ★★★★★ / 4.9 / 921 просмотр
Сулуу келбети, көздөрү көлдүн бермети,
Кылгырып караганың, кымбатым самаганым,
Жымыңдаган көз карашың кыялдарга терметти.
Оюмдан кетпеди неге, жомокто ханыша беле?
Сыйкыры арбады сыр болуп калганы,
Жүрөктө кадалды жебе.

Кайырма:
Сезимди арнап беремин,
Сездирбей бирок келемин,
Айталбайм, айталбайм, айталбайм анын себебин.
Ийилиген белиң, билегиң,
Имерип алды илебиң,
Жүрөктү, жүрөктү, жүрөктү неге эзесиң?

Эсимден кетпейт элесиң, эңсетип дайым келесиң,
Күн болуп көрүнүп нуруна төгүлүп,
Муздай тоңгон жүрөгүмө муза болуп бересиң.
Карабай башканын баарын, карады жүрөктө жалын,
Кылыктуу каш кагып, сезимге баш багып,
Сүйдүрүп алдыңбы жаным?

Кайырма

Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте
А как ты думаешь, о чем песня "Айта албайм" ?
2010-2020 © WebKind.Ru Тексты песен