название:
автор:
Айтыныз маарек
автор:
Мирбек Атабеков & Турдакун Ниязалиев
рейтинг: ★★★★★ / 5.2 / 1167 просмотров
- Текст
- Открытка с текстом
Жаратканга жакын экен, Айт майрамы асыл экен. Курман чалсаң кутуласың, Балээлерден башың эсен. Жаратканды унуткандын, Жан дүйнөсү жакыр экен. Кулдугу бар, сыймыгы бар, Кыргыз эли баатыр экен. Кайырма Айтыңыз маарек, Айтыңыз маарек, Куттуу болсун майрамыңыз! Ала-Тоосу бийик болуп, Көкүрөккө үмүт толуп. Маарек болсун айтыңар деп, Ак батасы тунук болуп. Улуулары урмат кылса, Кичүүлөрү сылык болуп. Кылымдардан келе жатабыз, Кыргыз деген улут болуп. Кайырма Айтыңыз маарек, Айтыңыз маарек, Куттуу болсун майрамыңыз!
А как ты думаешь, о чем песня "Айтыныз маарек" ?